Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Эксперттик комиссиянын баяндамасы депутаттардын сынына кабылды


"Кумтөр" алтын кен ишканасы.
"Кумтөр" алтын кен ишканасы.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров "Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы мөңгүлөрдүн эришин иликтеген эксперттик комиссиянын баяндамасын бир тараптуу деп сынга алды. Ал Давыдов мөңгүсү "Кумтөр" ишканасынан улам эрип, такыр калган жок деп билдирди:

-Сиздер баяндаманы “Центерранын” пайдасына жасагандай таасир калып жатат. Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү дал ошол ишканадагы техногендик таасирлерден улам эрип жатат. Мына ушуну ачык, так айтыш керек. "Кумтөрдөгү" мөңгүлөрдүн кантип эрип атканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз го. Баяндама деген чындыкка дал келиши керек да.

Депутаттын сөзүнө жооп кылган комиссия мүчөлөрү "Кумтөрдүн" айланасындагы мөңгүлөрдүн эрүүсүндө техногендик таасирлер да бар экенин белгилешип, бирок бул табигый жол менен эрип жаткан көлөмгө караганда аз экенин айтышты. Эксперттик комиссия Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн мурунку калыбына келтирүүгө болбостугун, ошентсе да, кенди иштетүүдөн башка мөңгүлөргө зыян тийбеси үчүн алдын ала иштөө зарылчылыгын белгилешти.

28-мартта Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин айланасындагы муздардын эрүүсүнө байланышкан парламенттик угуу болду. Анда өкмөттөгү мекемелер аралык комиссия мөңгүнүн эриши глобалдык жылуулуктан улам тездеп жатканын айтышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG