Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен бүгүн мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Улуттук коопсуздук комитетине чакырылды. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, "анын катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин топтолгон далилдердин негизинде айып тагылды".
Сарыгуловдун баш коргоо чарасын аныктоо жараяны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өттү.
22-мартта жана 27-мартта интернетте "оппозиция бийликти күч менен басып алууну көздөп жатат" деген жашыруун жаздырылып алынган аудио тасма тараган. Улуттук коопсуздук комитети жаздыруу расмий санкциянын негизинде, мурда козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.
Ошол аудиолордогу сүйлөшүүгө катышкан деген үч адам - оппозициялык саясатчылар, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов, "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров жана энергетика маселелери боюнча серепчи Эрнест Карыбеков кармалып, үчөө тең өткөн апта соңунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Бул сүйлөшүүлөргө тиешеси бар деген дагы бир шектүү жаран - Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланган. (RK)