Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Сариев: Орусия менен мамилени мындан ары да өркүндөтүү керек


Евразия биримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөт башчылары.
Евразия биримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөт башчылары.

Кыргызстан Орусия менен мамилени мындан ары да өркүндөтүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев кечээ Кыргызстандын Орусияга дайындалган жаңы элчиси Болот Отунбаев менен жолугушууда айтты.

Өкмөт башчы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери эки өлкө ортосундагы мамиле мурдагыдан да бекемделгенин, бирок ошого карабастан мындан ары да өнүктүрүү, тереңдетүү керектигин баса белгиледи.

Элчинин алдына коюлуп жаткан негизги маселелер деп Сариев Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жакшыртууну атады. (RK)

XS
SM
MD
LG