Бишкек шаар башкармалыгы быйыл курулушу ашыкча аянтка чыгып кеткен 816 объектти буздурганы жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ички жана чоң жолдорду оңдоо, инфраструктураны жакшыртуу концепциясынын негизинде жыл аягына чейин 97 көчөдө иштер аткарылат.
Мэрия жарандарга кайрылып, муниципалдык менчиктеги жерди ээлеп алгандарга эскертүү берди.
Адистердин билгилешинче, мындай фактылардын чыгышына салына турган курулуштун документин эрежеге тууралап даярдоо баасынын өтө жогорулугу себеп болуп келген. Тиешелүү аракеттер көрүлүп, долбоорлоо документинин баасы 4,5 миң сомго түшүрүлгөн. (RK)