Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Ош: Кол өнөрчү көчөсүндөгүлөр маданият министрлигине нааразы


Сулайман-Тоонун түндүк тарабындагы Кол өнөрчү көчөсүнүн жашоочулары коруктагы айылга «О» байланыш операторунун бийик мунарасы орнотулганына нааразы. 28-мартта аталган айылдын алтымыштай тургуну чогулуп, айыл башчысынан «О» байланыш операторунун мунарасынын алынышын талап кылышты.

Жергиликтүү жашоочулар министрлик “О” байланыш операторунун бийик мунарасынын орнотулушуна көз жуумп койгонуна нааразылыгын билдиришти. Ал эми байланыш оператору мунара орнотууга тиешелүү мекемелерден уруксат алынганын “Кол өнөрчүлөр” көчөсүнүн жашоочуларына кат аркылуу билдирген.

Сулайман-Тоонун түндүк тарабындагы Кол өнөрчү көчөсү корук аймагы деп эсептелип, ал жердеги курулуштар жана чатырлардын бийиктиги көзөмөлдөнүп турат. (YI)

XS
SM
MD
LG