28-29-мартта Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде “Улуу жибек жолу жана анын Борбор Азия үчүн мааниси” деген темада симпозиум өтүүдө. Ага Кыргызстандан профессор Осмонакун Ибраимов катышып, баяндама менен чыгып сүйлөдү.
Ошону менен бирге “Түрксой” уюму каржылаган Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын артисттери чоң программада концерт берип, Улуу жибек жолунун боюндагы калктардын маданияты, адабияты жана музыкасы менен тааныштырды.
Бул программанын алкагында Атай Огомбаевдин “Маш ботой” чыгармасы аткарылып, симпозиумдун катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.(ZKo)