Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Абдрахмановдун "улутчул" күндөлүгү


Жусуп Абдрахманов
Жусуп Абдрахманов

Быйыл Кыргызстан өлкө эгемендигинин 25 жылдыгын белгилейт. ​Кыргызстандын ХХ кылымдын 1920-30-жылдарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери Жусуп Абдырахмановдун саясий ишмердүүлүгү, эл үчүн жасаган кайраткер аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү, жазган эмгектери бүгүнкү азат Кыргызстандын жетекчилерине, жаштарына, жалпы элине дем бере турган, осуят болор мааниси чоң. Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп,Москванын алдына койгон. 1927-32-жылдарда Жусуп Кыргыз республикасынын Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштеп турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин эки жолу кайталап коёт. Кийин Жусуп камалганда так ушунусу "улутчулдук" деп бааланган. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгын айтышат.

Айтылуу жердешибиздин артында калган урпактарына жеткен орошон ойлору катылган күндөлүгүнөн журналист Бакыт Орунбековдун котормосунда жарыялайбыз.

(1-бөлүм)

Эскертүү: шилтемелер тексттин аягында берилди.

Москва, 1928-жыл. 18/VIII.

Мен тагдырдын буйругу менен улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан башыңан өткөргөн ар бир күнүңдү, көргөнүңдү тизмектеп коюу тарых үчүн да кызык болсо керек. Аны күндөлүк аркылуу жасап коюуну эп көрдүм, аткарганга аракет кылам. Чындыгында мен аны кечигип баштап отурам, бирок, “ийгиликтин эрте-кечи жок” эмеспи.

Менин күндөлүгүмө... Сен мындан ары менин жалгыз гана, эң ишенимдүү, үн катпас досумсуң. Ишенимдүү дегеним кай бир убакытка чейин гана. Сен азыр менин колумда болгонуң үчүн гана ишенимдүүсүң, башка бирөөнүн колуна тийип калсаң, мүмкүн сатып кетерсиң. Ошондой болорун сезип турсам да мен сенден эч нерсе жашыра албайм. Мен сага саясий ишмердин эле эмес, катардагы бир адамдын ой-толгоолору менен көйгөйлөрүн айтып берем.

Бир өкүнүчтүүсү – сен угасың, бирок жооп бербейсиң. Айла жок. Менин тагдырыма дайыма жалгыз болууга, оор жана кыйын болсо да өзүмө-өзүм жол табууга туура келди. Айла жок тагдырдын оор сыноосун көтөрүп, эсептешүүгө туура келди.

Досум! Мен сага айтып жаткандарды эч кимге айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда эч кимге айтпашыңды талап кылам, көзүм өткөндөн кийин кимге болбосун каалагандай айта бер. Ошондуктан менин ойлорумду, башыман өткөндөрдү, болочок жөнүндө айткандарымды жакшылап ук.

Баштан өткөн күндөр

19/VIII-28-ж.

Ташкенден Москвага аттандым. Темир жол маселеси боюнча жөнөп баратам. Маселенин оң чечилишине ишенбесем да, жок же бар деген акыркы бүтүмдү билейин деп жолго чыктым. Ушуну оң көрдүм. М.Н.(1) узатты. Поездди күтүп аны менен вокзалда бир жарым саат сүйлөшүп отурдум. Көп маселелер жөнүндө сүйлөштүк, бирок көбү экөөбүзгө тиешелүү болчу. Ал менин турмушумдагы жалгыз адам, аны менен көпкө достошуп жүрүп, кийин катуу сүйүп калдым. Менде андан жашырар сырым деле жок. Менин бардык аракеттерим, ой-толгоолорум, пикирлерим, көздөгөндөрүм ага жакшы белгилүү, анткени ага өзүм айтып келатам, азыр да төктүм...

Байкуш кыргыз элим! Өз жеке турмушун тыңдай албаган, бир адамды сүйүп калганынын азабынан жанын коерге жер таппай жүргөн жаш балага тагдырыңды ишенип бердиң...

Балдарым менен бир тууганым эмне болот? Эптеп күн көрүшөр. Токо (2) бир тууганым! Сага кыйын болот.

Жинди болдумбу! Чын эле... кетемби. Баарынан, биротоло кетем? Мен күрөшүп келген, күрөшүп жаткан иштерден ал кымбатбы? Жок, жок, жана да жок! Мен жашашым керек! Жалпы иш үчүн, революция үчүн башкалар менен бирге күрөшүү, жашоо үчүн эң кымбат адамыма убада бербедимби. Ал дагы мени менен, Лениндин армиясы менен жалпы иш үчүн күрөшүп, бечара элдин кызыкчылыгы үчүн жүгүрүп жүргөн менин ишиме да жардам берүүнү убада кылды.

Мен эмне болуп атам? Түшүнбөйм.

Көрүшкөнчө досум. Калган кепти эртең сүйлөшөбүз.

20. VIII. 28-ж.

Түйшүктүү, баш ооруткан күндөрүмдү уктап толтурам десем, ал дагы ордунан чыккан жок. Бирок, аз уктасам да уйкум каныптыр. Ага да шүгүр дейм. Шолом-Алейхемдин “Комивояжы” китебин окуй баштадым. Еврейлерге тиешелүү жакшы жазылган китеп экен. Китеп окуп жатканым менен санаам башка жакта, оюмду бир жерге токтото албай, эмне окуганымды толук түшүнө албайм...

Жийиркеничтүүсүң сен, Жусуп. Эмне үчүн башкарлардай болуп күнүмдүк өз жашооңду кура алган жоксуң? Акыркы ой-санаам – байкуш эл. Элим жашоосун уюштуруунун жетекчилигин мендей көрпендеге ишенди. Өз элинин ишеничин актай албаган мен ушунчалык эле акмакмынбы? Жок. Андай эмес! Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин. Азырчы? Азыр акыркы бечара болуп турам. Бечара, байкушка башкаргандардын арасында орун жок. Кетиш керек, жетекчиликтен кетиш керек. Ишенимге татыктуу жана күчтүүлөрдү тандап алышсын. Жусуп М.сыз өлүк. Өлгөндөр тирүүлөрдү башкарбайт...

22.VIII.28-ж.

... Серафимовичтин “Темир сел - Железный поток” китебин окуй баштадым. Көтөрүлүшкө чыккан элдин баатырдык күрөшүнүн эпизоду. Бул китепти мага М. белекке берген. Өз элимдин Кожуху (3) болгум келет. Күчүм жетеби? Билбейм, анткени өзүмдү тааныбай турам. Менде бир нерсе катуу өзгөрдүбү, өзгөрсө эмне? Дагы эч нерсе билбейм. Баш айланткан туңгуюк.

Бул айлампадан чыга аламбы? Билбейм. Эгер жардам болсо, мүмкүн чыгам. Эң жакын, жакшы, ага керекмин деп жүргөн адамым таштап кетсе мени ким колдойт?

Пойуздун кечиккени да башты оорутат. Пенза көрүндү. Бул жерде Наумчик, Левка жашайт. М.дин бир туугандары.

Аларды көргүм келет. Сөзсүз – учурашам. Качан? Эмне үчүн башыма омоктуу, иштиктүү ойлор келбейт! Бул Жусуптун саясий ишмер, революциянын каарманы катары ишинин аягынын башталышы эмеспи? Мүмкүн. Эгер ошондой болсо анда М. өзүнүн В.сы (4) үчүн көпкө жыгылат. Бирөөсүнүн баш тартканы М.дин бактысы ачылганына тете. Ооба...

23.VIII.

Москвага төрт жарым саат кечигип келдик. Мындай Советтер Союзунда эле болушу мүмкүн. Бул биздин темир жол транспортубуздун абалын айтып турат. Кыйын эле кырдаал. Мындан ары эмне болот? Алла билет. Бористикинде (5) болдум...

Чоң театрда – “Хованщина” коюлуп жатыптыр. Аны ал дагы жакшы көрчү. Мен дагы көргүм келди, бирок кечигип калдым.

Кайра чегип алдым. Сөзүмө тура албадым. Жаман жорук. Аны сагынганым, бүдөмүк келечек, чыңалган баш оорулар – чылым чеккенге аргасыз кылды...

Өкүлчүлүктө болдум. Иштер жөнүндө билдим. Жаман. Өзгөчө темир жолу маселеси жаман. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери темир жолдон түңүлүп калышыптыр. Дагы бир москвалыктын үйүндө болдум. Андан борбордогу иштерди билдим. Кырдаал анча деле жакшы эмес. Эл аралык жагдай, өлкөнүн, партиянын ичиндеги абал анча жакшы эмес. Күрөшүүгө (6) ...туура келет. Ким кимди? Мурдагы түзүлүштүн бизди кулатууга чын эле күчү жетиштүүбү? Жок. Биз күчтүүбүз. Материалдык жана техникалык көз караштан эмес, адамдардын сүрү менен күчтүүбүз. Негизги европалык мамлекеттерде компартиянын таасиринин өсүшү Советтер Союзунун колундагы оңой эмес олжо. Партияны кулатпай, бизди келечектеги согуштан сактап кала турган негизги нерсе ушул. Эмне болуптур, күрөшөбүз. Революциянын солдаттарынын арасында мен боломбу, билбейм. Анткени өзүм да жиндидей ойлорду башыман чыгара албай маң болуп жүрөм.

25.VIII.

Кайра өкүлчүлүктө болдум. Рудзутак (7) менен жолуккум келген, ал шаарда жок экен.

Сталинге кирүүгө да бел байладым. Кийин кайра ойлонуп, Рудзутакка жолугайын деп чечтим, эгер андан жыйынтык болбосо анан Сталинге барууну ойлодум.

27.VIII.

Рудзутакта болдум. Темир жолдун маселесин 1928-29-жылдардын курулуш планына киргизүү боюнча макулдаштым. Рудзутакта отурганда оюмдун баары темир жолдо болду. Бир жагынан иш дегенде ичкен ашымды коерума кубанып отурдум. Рудзутактан чыгарым менен ойлогонум эле темир жол болуп калды. Эмне деген кыйноо...

28.VIII.

Күндөлүктү кайра окуп чыктым. Эмне деген шумдук. Мен эмне жинди болуп калганмынбы, ушунча кундүн ичинде маанилүү ой айткан бир дагы жарамдуу нерсе жазбаптырмын.

“Маданий жана эс алуу багына” бардым, анда бир сааттан ашык болдум. Шапар тепчүлөр үчүн жакшы жай экен. Борбордук аткаруу комитетинин жыйналышында болдум. “Аракка бааны төмөндөтүү жөнүндө” мыйзамды өткөрдүк. Кайда баратабыз, кайда келдик?

30.VIII.

... Кечинде Чоң театрга бардым. Анда “Хованщина” болду. Биринчи акты бүткөнчө чыдап отурдум, анан кеттим. Кушнерлерге бардым. Алар жакшы адамдар. Алар менен оңой тил табышам...

31.VIII.

Тимирязев атындагы академияда болдум. Башкармалыктын катчысы - мага ректор эмне үчүн керек деп тим эле такып сурайт. Бул мекеме эң демократиялуу болушу керек эле, иш жүзүндө андай эмес экен. Биздин чың организмди жеп жаткан бюрократизм ал жакка да кириптир. Алар студенттер менен кантип иштешет элестете албай отурдум. Ипподромдо болдум, жакшы экен, аттары бир укмуш. Байгенин баарын Украина алат, Ташкен начар, арткы орунда. Жылкы чарбасы бар жерде ушундай ипподром болуш керек.

Мындай ипподромдордун жер-жерлерде тарбиялык мааниси өтө чоң, бул жер – тотализаторлордогу бекерпоздордун кармашкан талаасы. Акчаны максаттуу коротконду да билбейбиз. Харбинден телеграмма. Лашкевичтин (8) абалы оор, партиянын мыкты уулдарынын бири, лениндик гвардиянын мыкты каарманы кетип жатат. Партиянын XIV съездинде анын сүйлөгөн сөзүн эстедим. Анда ал мага кылымдан аша жашачудай көрүнгөн, эми эртең ал болбойт. Лениндик гвардиянын мурдагы каармандары суйулуп баратат, кийинкилердин арасында деле андайлар өтө көп, Лашкевич сыяктуу бир большевикти сактап калыш үчүн алардан жүздөп берсе да жарашмак. М., буга кандай карайт болду экен, менимче ал аны аябай сүйчү.

Жолдош Кржижановскийге (9) жолугайын дегем. Ал СТОдо экен, кабыл алалбайт. Эчтеке эмес, дагы бир ыңгайлуу учурду күтөбүз да. Эртең М.,га жөнөйм. Эмнеге, эмне үчүн? Өзүм да билбейм. Болгону бир эле каалоом – көрүшүү жана сүйлөшүү.

Азыркы учурда кишилер жазалаганды билишпейт. Адам үчүн эң жаман жазалоо – бул кымбат, сүйгөн адамыңдан аргасыз алыстоо окшобойбу.

Адамдын эң кейиштүү абалы өзүндө эмне болуп жатканын өзү билбей калганы экен. Менде да ошондой болду. Эмне болуп жатканын өзүм түшүнбөйм. Бир эле нерсени түшүнөм, айлам түгөнүп, иштей албай калдым. Бул узакка созулабы аны да билбейм.

Кечинде “Аквариумда” болдум. “Квадратура круга” дегенди көрдүм. Мааниси жок, бирок күлкүлүү нерсе...

IX.

... Лашкевич дүйнө салды. Борбордук Комитет терең кайгыруу менен билдирди. Трагедиялуу өлүмгө ким күнөөлүү? Кандай болсо да кырсыкка учураган автомобиль эмес экенин сезип турдум.

Революциянын сыналган жоокерлери катардан чыгууда, өлкөнүн абалы начарлоодо. Эгин даярдоо начар. Өнөр-жай товарлары жок. Дыйканчылыкта иш жүзүндө репрессия жүрүүдө, айлананы кара туман каптай баштады. Совет бийлиги үчүн “жут” болбойбу...

2.IX.

Түндө уктай албай чыктым. Дайыма ойлончу болдум, эртең эмне болот? “Макар Чудра” менен М. Горькийдин “О первой любви” китебин араң окуп чыктым. Эгер мен буларды мурда окуп чыкканда, аңгемедеги “жиндилер” демекмин. Азыркы өзүмдүн тажрыйбамдан айтканда анда жүрөктөн чыккан чыныгы сүйүү жазылган. Мага ал чыгармаларда Горький өзү жөнүндө, Забара жөнүндө эмес, мен жөнүндө жазгандай туюлду. Окуяларды бир канча жыл алдыга көрүп койгондой. Бир гана айырмасы мага канчалык оор болсо да Забаранын Радага жасаган кадамын мен жасай албай койдум...

Вагондун терезесинен жыйналбай жаткан эгиндерди көрдүм. Бизге табият өзү “жардамдашып” жатат, деп ойлодум. Өлкөдө жакшы түшүм болду, наны жок отурабыз, анткени өнөр жай товарлары жок. Тынымсыз жааган жамгыр эгинди оруп-жыйноого мүмкүнчүлүк бербей кыйнап жатат. Мамлекет оор айыл чарба кризисинин алдында турат. Бул абалдан кантип чыгыш керек? Эч ким билбейт. Жол башчылар оңду, солду же тескерисинче, бирок өлкө үчүн ачык жолду эч ким көрсөтө албай жатат. Эгер Ильич болгондо...

5.IX.

УОК менен НКПСтен темир жол маселеси курулуш планына киргенин тактадык жана НКПС куруунун зарылчылыгын талап кыла турган болду. Бул жагынан ишибиз оңунан чыкты. Эртеден бери Хинчук (10) менен жолугайын деп жүгүрдүм, майнап чыкпады. Ал мекемеде жок экен. Жамгыр жаап жатты. Ошондо чарчаганымды сездим. Өзүң жөнүндө деле ойлонушуң керек экен, дагы эмне болот?

....Мындай турмуштун мага кереги жок. Иштин көзүн билген, иш десе ичкен ашын жерге койгон мурдагы Жусуп үчүн күрөшкүм келет. Эгер таппасам, анда баары бүттү...

Борбордук Комитетте болдум. Кызматкерлер жөнүндө сүйлөштүм. Эл комисарларынын төрагасына үч орун басарларды (НКЗем, НКЮст, НКЗдрав) берүүнү сурандым. Мен кеткенче Москвадан издеп көрүүнү убада кылышты. ВЦИКтин секретариатына Өзбек өкмөтү бюджетте өзбек мекемелери үчүн каралган акча каражаттарын Сүлүктү шаарындагы оорукана жана мектептерди ж.б. каржылоого Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө токтомун өткөрдүм. Бул Союздун Борбордук Аткаруу комитетинен бекитилет. Жолдош Позерн (11) менен сүйлөштүм. Орто Азия АЗЭКОСО ирригациялык курулуштардын келерки жылдык планынан Ат-Башы участкасын, Союздун мамлекеттик пландоо комитети Чүй өрөөнү боюнча изилдөө иштерин алып салды. СТО болсо Түрксибге жакын Айыл чарба райондорун көтөрүүнү, колдоону күчөтүү керек деп жатса, Мампландагы, Орто-Азия суу чарбасындагы “келесоолор” теңирден тескери жасашууда. Өкмөттүн атынан талап кылып турууга өкүлчүлүккө директива бердим. Суу топтоо боюнча көйгөй көп. Дотация бербейт, бизде акча жок. Дотация бербесе суу чарбанын ишин жыйыштырып коюу керек. Социализмге ташбаканын жүрүшү менен баратабыз. Хинчук дагы жок...

Борбордук Комитетте болдум. Жээнбаевдин (12) иши боюнча сүйлөштүм. Биз аны жумушчу борборлорунда иштөөгө жиберсек, аны бул жерден дыйканчылык районуна айдап жиберишиптир. Мен бул туура эмес болуп калганын айтып, аны жумушчу райондоруна которуу жөнүндө маселе койдум, убада беришти.

Агартуу эл комиссариатында болдум, А.В. (13) менен жолугуп, Анварды (14) Москвадагы балдар үйлөрүнүн бирине орноштуруу жөнүндө сүйлөшөйүн десем жок экен. 10унда болот дешти. Күтөбүз да.

Кайсы бир жакка жоголуп кеткенби Хинчукту дагы кармай албадым. Чоңдордун эшигин сагалап жүрүп тажадым.

Шилтемелер:

1. Натансон Мария Яковлевна – 1917-жылдан компартиянын мүчөсү болгон. 1917-1928-жылдары Ленинградда партиялык кызматтарда иштеген, коммунист-футуристтер тобунун катчысы болгон. Атактуу орус акыны В. Маяковский Марияга арнап көп ырларын жазган. 1927-жылы “Бириккен оппозицияга” кошулуп кетти деген күнөө менен ал компартиянын катарынан чыгарып, Кыргызстанга айдалат. Кыргызстанда мамлекеттик пландоо комитетинде бир нече ай иштеп, кайра Ленинградда кетет. 1929-жылы компартиянын катарына кайра кабыл алынат. Кийинки тагдыры белгисиз.

2. Токо - Ж. Абдырахмановдун бир тууган иниси. 1930-1936-жылдары Орто Азия мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуган. Кыргызстандын мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1936-жыл камакка алынып, атылган. 1989-жылы акталган.

3. Кожух – А.С. Серафимовичтин “Железный поток” (1924) романындагы башка каармандардын бири.

4. В.- ким экендиги аныкталган эмес.

5. Кушнер – (1888-1937) В.В. Маяковскийге жакын акын, адабиятчы болгон.

6. 1920-жылдын экинчи жарымында капиталисттик дүйнө менен мамиле оорлошуп турганда Сталин “Война стала уже неизбежной” деген тезис айткан. Ж. Абдрахманов да кырдаалга ошондой баа берип жатат.

7. Рудзутак Я. Э.- 1924-1930-жылдары СССР Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1937-жылы репрессияга туш болгон. Өлгөндөн кийин акталган.

8. Лашкевич М.М. – 1901-жылдан компартиянын мүчөсү, кийин көп жылдар РКП (б) Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган. 1925-1926-жылдары “жаңы оппозицянын” мүчөсү болгон.

9. Кржижановский Г.М. – 1921-1930-жылдары СССРдин мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болгон.

10. Хинчук Л.М.- СССР соода министринин орун басары болгон.

11. Позерн Б.П.- чарбалык, партиялык кызматкер.

12. Джиенбаев Хасан – Кыргызстандын көрүнүктүү партиялык ишмерлеринин бири. 1937-жыл репрессияга кабылган. Өлгөндөн кийин акталган.

13. Лунарчарский А.В.- СССРдин агартуу министри болгон.

14. Анвар – Ж. Абдырахмановдун уулу. Улуу атамекендик согушка катышкан, 1946-жылы госпиталда каза болгон.

(Уландысы бар)

XS
SM
MD
LG