Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

ЖК комитети Үңкүр-Тоодогу станция боюнча маселени карады


Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бүгүн Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясы боюнча маселе каралды.

Тиешелүү мекемелердин маалыматын уккандан кийин өкмөткө төмөнкүдөй сунуштар берилди:

- Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана анын ишмердүүлүгүн күчөтүү.

- Бул маселе боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

- Башкы прокуратурага "премьер-министрде 2015-жылдын 11-ноябрында өткөн кеңешменин №18-177 протоколу бурмаланууда" деген маалыматты текшерүү жана юридикалык баа берүү.

Башкы прокуратура бул боюнча толук маалыматты 20-апрелге чейин берүүсү милдеттендирилди. (RK)

XS
SM
MD
LG