Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кытай менен Чехия - стратегиялык өнөктөш


Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен Чехия президенти Милош Земан
Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен Чехия президенти Милош Земан

Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен Чехия президенти Милош Земан бүгүн Прагада стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимге кол койду. Чехия Си Цзиньпин АКШга сапарынын алдында токтогон Европадагы жалгыз өлкө болду.

Земан былтыр Кытайда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган салтанатка катышкан Европа өлкөлөрүнүн жалгыз лидери болгон. Ал Чехия Кытай үчүн Евробиримдиктеги дарбаза болоруна үмүт артууда. Чех президентинин сөзүнө караганда, эки өлкө ортосундагы жаңы келишим Чехияга 3,9 миллиард долларга тете Кытай инвестициясын алып келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG