2-марттан 24-мартка чейин Москвадагы кыргыздар жашаган батирлерге кирип, тапанча менен коркутуп, карактап жүргөн деген шек менен эки кыргызстандык жаран камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, каракчылар батирге киргенде беткап кийип, бычак, тапанча менен куралданып жүрүшкөн. Каракчылыкка шектүүлөрдү кармоо Москва шаардык полициясы менен чогуу жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жүзөгө ашырылды.
Кармалгандардын экөө тең кыргызстандыктар, 23 жаштагы С.Э. жана 27 жаштагы И.Н.Т. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу шектүүлөрдүн аты-жөнү ачык айтылбайт.
Алиевдин айтуусунда, бүгүнкү күнгө чейин каракчылыкка шектелгендер тоногон делген алты жабырлануучу аныкталды. Алардын арыздарынын негизинде кылмыш иши козголду. Полиция булардын колунан жабыркагандардын саны 20-25 болуусу ыктымалдыгын билдирүүдө.(ZKo)