Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

Нарындын милиция башчысы алмашты


Нарын облустук ички иштер башкармалыгын буга чейин жетектеп келген Ороз Молдосариев ардактуу эс алууга кетип, анын ордуна Нурлан Сарчаев дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Сарчаев буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

Эс алууга кеткен Ороз Молдосариев Нарын милициясына жетекчи болуп 2014-жылдын август айында дайындалган. (MiK)

XS
SM
MD
LG