Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Миграция кызматы чет өлкөдө иштөөчүлөргө кеңеш берет


Араб эмирликтери.
Араб эмирликтери.

Жарандарды иш менен камсыз кылуу аракетине киришкен Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматы жарандарды Орусия, Казакстан, Түштүк Корея, Араб эмирликтерине жана Түркияга иштөөгө кеңеш берүүдө.

Миграция кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, эки тараптуу келишимге ылайык, Түштүк Кореяга ишке орноштуруу үчүн 62 кыргызстандык даярдалууда. Ал эми Санкт-Петербургдагы “Эмгек ресурстары борбору”, “Жылдыз”, Свердлов облусундагы “Урал үйү”, “Екатеринбург таксиси”, Москва облусундагы “Кашир улуттук козу карын ишканасы” жана башка ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Орусияда кыргызстандыктар үчүн дарыгер, козу карын жыйноочулар, тигүүчүлөр, жууп-тазалоочулар, курулушчулар жана башка көмөкчү жумушчу орундары бар.

Араб эмирликтеринде «Arab Management Consultancy & Human Resource» компаниясы менен түзүлгөн расмий келишим боюнча, аэропорт кызматкери, узатуучунун жардамчысы, сатуучу, официант, бармен жана мейманкана кызматчыларына муктаждык бар. Учурда Араб эмирликтеринде 32 кыргызстандык расмий макулдашуулардын негизинде иштеп жатат.

Ал эми Түркияда «Tayga Yabancilar Danişmanlik & İnsan Kaynaklari» компаниясы менен келишимдин натыйжасында жыл башынан бери 549 кишиге кеңеш берилген. Учурда Түркияда кыргызстандыктар үчүн мейманкана кызматчылары, официант, бармен сыяктуу жумуш орундары бар деп маалымдайт мамлекеттик миграция кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG