Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Кайыпов: Бишкек-Торугарт автожолунун курулушунун кемчиликтери көп


Бишкек-Торугарт автожолу.
Бишкек-Торугарт автожолу.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун курулушу боюнча жыйында билдирди. Анда өткөн жылы бир нече көтөрмө ишкананын бирөөсү гана ишин толук камдуу аткарып, калгандары ишин сапатсыз жасаганын айтты.

-Субподрядчиктерди тандап алууда ким көзөмөлдөйт, ким тарабынан сунуш берилерин дагы эч ким жөндөп айта алган жок. Жумуштарын толук бүтүрбөй кетип калгандары бар. Анын кесепетинен унаалардын дөңгөлөктөрү жарылып жатат. Ал эми Эмгекчил айыл аймагында адис эмес курулушчулар жолду куруп жатыптыр.

Ал эми жол куруп жаткан «Тим интернейшнл» компаниясынын өкүлү Хайдар Хусейин кемчиликтер бар экендигин белгилеп аны жойууга иштер жасалаарын билдирди. Ошондой эле Кайыпов жолдун курулушу боюнча жалпы координациялык иш жок экенин белгилеп, жыйын бир жумадан кийин кайрадан улантыларын айтты. Анда жол адистери жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен чогуу Бишкек-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымындагы (Долон-Кызыл-Бел) көйгөйлөрдү жеринде көрүп, чечүү жолдору талкууланат. (MiK)

XS
SM
MD
LG