28-мартта Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган Куран окуу боюнча республикалык конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, катышуучулар Курандын 10, 20 жана 30 бөлүгүн жат айтуу боюнча жарышкан.
Куранды толук бойдон (30 бөлүгүн) жатка билүү боюнча сынакта биринчи орунду Мухаммадали Умаров жеңип, 90 миң сом акчалай сыйлык алды. Бул сынакта экинчи орунду алган Алижан Саттаров 70 миң сом, үчүнчү орунду алган Махмуджан кызы Мабрула 55 миң сом менен сыйланды.
Курандын 20 бөлүгүн жатка айтуу боюнча Аятулла Умаров, Абдулла Закиров, Абдурахман Тойчубаев жеңүүчү деп табылды. Алар ээлеген орундарына жараша 55 миң, 42 миң жана 35 миң сом менен сыйланышты.
Курандын 10 бөлүгүн жаттоо боюнча жарышта Жумабек уулу Адиятулло, Усман Зарипов, Мухаммад Абдырасулов жеңип, 35 миң сом, 20 миң сом жана 14 миң сомго ээ болушту. Жалпы байге ээлерине акчалай сыйлыктан сырткары Чүй облусундагы Ысык-Ата курортуна 10 күндүк эс алууга жолдомо да берилген.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Катар мамлекетинин "Куран конкурсун уюштуруу" коомунун жетекчиси шейх, доктор Ибрахим Бубшейт жана башка бир катар дин өкүлдөрү катышкан.