Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Өзбекстандык журналист Голландияда көз жумду

Өзбекстандык журналист, адам укуктары жаатында макала жазып, өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон Ризохужа Обидов оорудан улам Голландияда көз жумду. Ал 58 жаш курагында Тил шаарындагы ооруканада 30-мартка караган түнү каза тапканын жакындары кабарлады.

Ризо Обид деген каймана ат менен эмгектенген журналист Наманган шаарында төрөлгөн. Эл аралык басылмалар менен кызматташып, 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин бийлик басымынан качып, Өзбекстандан кеткен. Андан бери Голландияда башпаанектеп жүргөн.

Чет элде кезинде zamondosh.info маалымат сайтын негиздеген.

XS
SM
MD
LG