Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Көк бөрү оюнунун тайказанын жаңы үлгүдө жасоо сунушталууда


Сунушталып жаткан тайказандын жаңы үлгүсү. Автор: Бекжан Шыгаев
Сунушталып жаткан тайказандын жаңы үлгүсү. Автор: Бекжан Шыгаев

Көк бөрү оюнунун тайказанын жаңы үлгүдө жасоо сунушталууда. Бул тууралуу демилгечи Бекжан Шыгаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда учурда көк бөрү оюнунда колдонулуп келген тайказандын диаметри 3,5 метр, бийиктиги 1,5 метрге жакын ылайдан жасалып, ага дөңгөлөктүн кесиктери чапталып көрксүз болууда.

Шыгаев жаңы үлгүдөгү тайказандын ичин жана кырлуу жерлерин накта кайыштан жасап, капталдарына улуттук оймо чийип, калың кийизден каптап коюуну сунуштап, көлөмүн каалаган стандартка келтирсе болоорун айтат.

- Тайказанды көчмөндөр оюнунда, эл аралык мелдештерде коозураак кылып алып чыксак деген эле ой. Ага дөңгөлөк чаптабай, кыргыздын орнаментин тартып койсо дүйнө жүзүнөн келген конокторго коозураак көрүнмөк. Улакчылар көбүнчө улак менен кошо тайказанга секиргендиктен үстүн кайыш менен каптап, кайыштын алдына жумшак болуш үчүн поролондон олпок төшөп коюну сунуштадым. Тайказандын көлөмүн каалагандай стандартка келтирип алсак болот, ал маселе эмес, - дейт Шыгаев.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Ага даярдык мамлекеттик деңгээде жүрүп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG