Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

БУУ башчысы бүт өлкөлөрдү сириялыктарга жардам берүүгө чакырды


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы Пан Ги Мун дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди Сириядан качып чыккан мигранттардын көйгөйүн чечүү үчүн салым кошууга чакырды.

30-март күнү Женевада качкындар көйгөйүнө арналып уюштурулган эл аралык жыйында сүйлөп жатып, Пан Ги Мун 2018-жылга чейин жарым миллиондон ашуун сириялыкты башпаанек менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Женева форуму БУУнун качкындар иши боюнча башкармалыгынын демилгеси менен өтүүдө.

Февраль айында ушул маселеге арналып, Лондондо өткөн жыйында кубаттуу өлкөлөр миграция кризисин жайгаруу үчүн 11 миллард доллар бөлүүгө убада беришкен.

Сирияда беш жылдан бери уланып жаткан калабадан улам өлкөдөн качкандар саны 5 миллиондон ашты. Жүз миңдеген кишилер мерт кетишти.

XS
SM
MD
LG