Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Германиялыктар Меркелди көбүрөөк колдой баштады


Немис канцлери Ангела Меркел германиялыктардын көбүрөөк колдоосуна ээ боло баштады. Соңку сурамжылоо көрсөткөндөй, учурда анын саясатын жарандардын 52% жактайт.

Европада миграциялык кризис башталган былтыркы жылдын август айынан бери бул эң жогорку көрсөткүч. Өткөн жылдын күзүндө аны 44% гана колдочу.

Серепчилер мунун себебин 20-мартта Европа биримдиги менен Түркия ортосунда качкындар проблемасын чечүү тууралуу келишимдин кабыл алынышы менен байланыштырууда. Бейөкмөт уюмдар жана Бириккен Улуттар Уюму бул документтин юридикалык жактан мыйзамдуулугу тууралуу маселени көтөрүп чыгышкан. Келишим Түркия жана Грециянын ортосунан Эгей деңизи аркылуу качкындардын жашынып өтүүсүнө бөгөт коет. (RK)

XS
SM
MD
LG