Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Бишкектин депутаттары кооптуу бак-дарактар көйгөйүн талкуулайт


Бишкек шаардык кеңешинде бүгүн тургундардын өмүрүнө коркунуч жараткан бак-дарактар боюнча маселе каралат. Турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибине эки маселе кирди. Биринчиси – шаардагы жашылдандыруу иштерине жооптуу “Зеленстрой” ишканасынын куураган, тамыры кармабай калган бактарды кыйып, бак-дарактарды бутоосу жана сугаруусу. Экинчи маселе – санитардык полигондун ишмердүүлүгү.

27-мартта Бишкекте бак кулап, токтоп турган бир унааны жана жолдо жүрүп бараткан унааны басып калган. Анын айдоочусу ошол жерден мерт кеткен.

Мэриянын көзөмөлү менен калаадагы бактарды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG