Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Таласта аңчылар коомунун кызматкери курал-жаракты мыйзамсыз саткан

 Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалымдоосу боюнча, аңчылык коомдун Талас облустук бөлүмүндө 600 миң сомдук курал-жарак сатылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө коомдогу кызматкер аял 2009-жылдан бери куралдарды сатып алып, кайра сатып жүргөнү аныкталган. Бул үчүн анын уруксат документтери болгон эмес.

Бул окуя боюнча “Мыйзамсыз ишкердик”, “Курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, сатуу, ташуу, алып жүрүү” беренелери менен кылмыш иши козголду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG