Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Өткөн жылы Кыргызстанга сырттан 820 млн доллар инвестиция келген


Мындай маалыматты өкмөт башчы Темир Сариев парламентте сүйлөгөн учурда билдирди. Премьер-министрдин белгилөөсү боюнча, бул мурунку жылга салыштырмалуу 12,6% көп. Мунун ичинен 120 миллион доллар "Жерүй" жана "Тереккан-Перевальный" кендерине жүргүзүлгөн сынактын негизинде келип түшкөн. Өкмөт башчы ошондой эле сырттан инвестиция тартууда чакан жана орто ишкерликтин салымы чоң экенин билдирди. Анын айтуусунда, 2015-жылы өлкөдө он миңден ашуун чакан жана орто ишкана иштеди, ал эми жеке ишкерлердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 4,5% көбөйдү.

Айрым маалыматтар боюнча, 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен өлкөдө чакан ишканалар жабыркап, бир тобу жабылууга дуушар болушту.(ZKo)

XS
SM
MD
LG