30-мартта Борбор Азия сапарын Өзбекстандан баштаган Германиянын тышкы иштер министри, учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан Франк-Вальтер Штайнмайер Ташкенди адам укугун сактоого чакырды. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлашынча, кечээ ал президент Ислам Каримов менен кездешип, тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өркүндөтүү маселелерин талкуулаган.
Кабарларга караганда, соңку он беш жылда Германия Өзбекстанга 784 миллион инвестиция салып, мунун натыйжасында өлкөдө 113 ишкана элге кызмат көрсөтүүдө.
Борбор Азия сапарын бүгүн Кыргызстанда уланткан Штайнмайер андан ары Тажикстанга барат. Бул сапар алдында ал Борбор Азияга "ишкердикти өнүктүрүү мүмкүндүктөрү кеңири жана глобалдык туруктуулук үчүн маанилүү тобокелчиликтери бар стратегиялык маанидеги аймак" деп баа берген.