Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Федерация Кеңеши Өзбекстан карызынын 95 пайызын кечүүгө макул


Орус парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши Өзбекстандын 885 миллион долларлык карызын кечүү боюнча мыйзамды ратификациялады. 2014-жылдын 10-декабрында президент Владимир Путин Ташкентке иш сапары менен барган учурда жетишилген бул келишимди үч күн мурда Дума депутаттары жактырган.

Орусия Өзбекстандын карызын 889 миң 300 миң доллар эсебинде белгилесе, өзбек тарап анын 43 миллион 100 миң долларын гана тана алган жана Москваны мурдагы СССР тушунда Алмаз фондундагы каражатты колдонгону үчүн кеминде бир миллиард доллар карызга чыгарган. Федерация Кеңеши жактырган документте Өзбекстан ошол дооматын артка алган үчүн эми 889 миллион 300 миң долларлык карыздын 95 пайызы кечилип жатканы белгиленет.

Бул келишимге жараша эми өзбек тарап 30 күн ичинде Орусияга 25 миллион доллар төлөп бериши шарт. Ошону менен бул маселе бир жаңсыл болду, эч кайсы тараптын бири-бирине доосу жок деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG