Түркиянын Диярбакыр шаарында кечээ кечинде полицияга чабуул жасалды. Негизинен күрттөр байырлаган бул шаардагы жардыруудан кеминде 7 полициячы мерт болуп, дагы 20сы жараат алды.
Полиция кызматкерлери түшкөн автобустун жанында бомбаланган автоунаа жардырылган.
Диярбакыр соңку жылдары тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирештен жапа чегип келет.