Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

1-апрелден тарта кайгуул-күзөт кызматы ишке кирди


Жол кыймылынын инспектору.
Жол кыймылынын инспектору.

Буга арналган иш-чара 1-апрелде Бишкектеги борбордук аянтта болуп өттү. Анда ички иштер министри Мелис Турганбаевдин берген маалыматы боюнча, кызмат күнү-түнү үч нөөмөт менен иштейт:

-Экипаж үч милиция кызматкеринен турат. Алардын ичинен жол кыймылын тескеп, эреже бузуулар тууралуу административдик протокол түзүү укугуна видеорегистратор менен турган инспектор гана ээ. Калгандары коомдук тартипке көз салат.

Жол коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоого Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 милиционер тартылат.

Жалпы республикада 1-июлдан тарта ишке кирет.

Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ИИМдин алдында атайын Кайгуул-күзөт башкармалыгы түзүлдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG