Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Кытай маңзат ташууга айыпталган казакстандыктарды өткөрүп берди


Кытайда баңгичилерди кармоо операциясы.
Кытайда баңгичилерди кармоо операциясы.

Кытай маңзат ташууга шектелип кармалган эки казакстандыкты өз өлкөсүнө өткөрүп берди.

Казак башкы прокуратурасынын маалымдашынча, абакка кесилген эки аял Бээжинден Мекенине кайтарылды. Аты-жөнү, жаш курагы белгисиз айыптуулар эми казак мыйзамдарына ылайык жаза мөөнөтүн өтөшөт.

Чечим эки өлкө ортосундагы келишимдердин жана “айыпкерлердин өтүнүчтөрүнүн” негизинде ишке ашканы кабарланат.

Мурдараак Казак башкы прокуратурасы Кытай өткөн жылдын августунан бери тогуз казакстандыкты өткөрүп бергенин, алар Мекенинде жаза өтөрүн билдирген.

Кытай мыйзамдарына ылайык, өлкөдө маңзат менен кармалган адам оор жазага, анын ичинде өлүм жазасына тартылат.

XS
SM
MD
LG