2-3-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2 градуска жеткен үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө бактарга коркунуч алып келет.
2016-жылдын 2-апрелине күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
2-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүзү 5…10 жылуу болот. Таластын айрым жерлеринде түнкүсүн 0...-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт, күндүзү 5…10 градус жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүзү 9…14 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүзү 7…12 градус, тоолуу Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүзү 7…12 градус жылыйт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүзү -3…+2, бийик тоолуу райондордо түн ичинде -6…-11, күндүзү 0…-5 градус болот.
2-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 3…5 градус жылуу, күндүзгү температурасы 8…10 градус жылуу болот.