Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:16

Кара-Кулжада селден бир үй жараксыз абалга келди


31-мартта кечки саат 8-9да нөшөрлөп жааган жаан райондун Ылай-Талаа жана Сай айылдарын каптаган. Бул тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Баатыров “Азаттыкка” билдирди:

- 31-мартта кечки саат сегиз жарымдан тогузга чейин катуу жаан жаады. Ошол жарым саатта жааган жаан айыл өкмөтүбүздөгү Сай жана Ылай-Талаа айылдарынын айрым жерлерин сел каптап кетти. 26 үйдүн короосун каптап, бир үйдүн ичине чейин кирип кетти. Ошол үй авариялык абалда болуп калды.

Каныбек Баатыровдун айтуусунда, селден 13 жылкы үркүп, Кой-Сары участкасынын Чоң-Бет чегинде жардан учуп өлгөн.

Айыл өкмөттүн күчү менен сел толтуруп салган жерлер тазаланып, Шаркыратма айлынан келүүчү жол ачылды. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кырсык болгон жерде иштеп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG