Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Өлкө боюнча 834 мугалим жетишпейт


Нарындык мугалим Балаева Татьяна Александровна. Садыкказиева Жыпаргүлдүн сүрөтү
Нарындык мугалим Балаева Татьяна Александровна. Садыкказиева Жыпаргүлдүн сүрөтү

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жогорку жана орто окуу жайлары жыл сайын беш миңге чукул жаш мугалимдерди бүтүрүп чыгарат. Бирок мамлекет бюджетте окуган студенттерди гана аймактарга милдеттүү түрдө иштөөгө жибере алат.

Буга чейинки маалыматтар боюнча тоолуу аймактардагы мектептерде педагогдор тартыш. Жергиликтүү адистердин айтымында, орус тилинде жана башка чет тилдерде сабак бере турган мугалимдер жетишсиз. Ошондой эле эркек мугалимдердин тартыштыгы да педагогикалык иштеги көйгөйлөрдүн бири болууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG