Түркиянын түштүк-батышындагы Диярбакырдагы жардырууга Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар “элдик коргонуу күчү” тобу жоопкерчилик алды.
“Элдик коргонуу күчү” тобу чабуул жай тургундарга эмес, полициянын автоколоннасына багытталганын билдирди. Бейшембидеги жардыруудан кеминде жети полициячы мерт болуп, дагы он үчү жараат алган.
Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу жума күнү Диярбакыр шаарына иш сапары менен барган. Анда премьр-министр “Аллах менин өмүрүмдү аларда, Диярбакыр шаарында күрт туугандардын арасында болуусун каалайм”, – деди.
Диярбакыр негизинен күрттөр жашаган Түркиянын түштүк-чыгыш аймагынын борбору. Ал соңку жылдары тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирештен жапа чегип келет.
Түрк өкмөтү “Күрдстандын жумушчу партиясын” террордук уюм деп эсептейт. Жардырууга жооп катары түрк учактары куралдуу күрттөр ээлеген аймакка чабуул жасашты. (TSh)