Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Сирияга согушкерлердин көбү ЕБдан барууда


Пальмираны "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошоткон Сирия армиясы.
Пальмираны "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошоткон Сирия армиясы.

Гаагадагы эл аралык террорчулукту изилдөө борборунун маалыматы боюнча, Сирияга кетип жаткан согушкерлердин басымдуу бөлүгү Европа Биримдигинен болууда.

Террор майданына жалпысынан 4300 европалык барган. Алардын 30 пайызы мекенине кайткан. Баргандардын 14 пайызы каза болгон, 17 пайызын аялдар түзгөн. Ирак же Сириядагы ислам экстремисттеринин катарына кошулуп, кийин мекенине кайткандар Европанын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратууда. Аталган борбордун маалымдоосу боюнча, Париж менен Брюсселдеги жарылууларга дал ушул кайтып барган террорчулар себепкер. (BCh)

 

XS
SM
MD
LG