Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Давутоглу Илхам Алиевге көңүл айтты


Ахмет Давутоглу
Ахмет Давутоглу

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу Азербайжан-Армения кагылышуусунда мерт кеткен 12 азери аскери үчүн Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиевге телефон чалып, көңүл айтты деп билдирет Hürriyet басылмасы. Давутоглу Түркия ар дайым Азербайжанды колдорун айтып, Армения аскерлеринин чагымына алдырбоого чакырды деп баяндайт аталган гезит.

Ушул эле басылмада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Илхам Алиев да телефон аркылуу акыркы кырдаалды талкуулашканы маалымдалды.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чырлуу Тоолуу-Карабак боюнча куралдуу кагылыш 2-апрелдин түнүндө башталып, 12 азери, 18 армян аскери курман болгону кабарланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG