Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Ирак: ИМдин түрмөсүнөн 1,5 миң адам бошотулду


“Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ менен күрөшкөн күчтөр.
“Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ менен күрөшкөн күчтөр.

Ирактын күчтөрү өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун жер алдындагы абагынан бир жарым миңдей адамды чыгарды. Бул тууралуу Ирак полициясынын өкүлү Фадель Нимрави "Франс пресс" агенттигине билдирди. Согушкерлердин көзөмөлүндөгү абак Хит шаарына жакын жерде, Анбар провинциясында жайгашкан. Анда кармалгандардын көпчүлүгү жөн-жай тургундар болгон. Марттын ортосунан бери Ирак аскерлери стратегиялык мааниге ээ Хит шаарын кайтарып алууга аракеттенүүдө.

Акыркы айларда Багдад “Ислам мамлекетинин” үстүнөн бир нече ирет жеңишке жетти. Былтыр декабрда Анбар провинциясынын борбору, Рамади шаарын кайтарып алган.

Эми Хит калаасын бошоткон соң Фалужини экстремисттерден алуу боюнча кеңири операцияларга кирише турганы күтүлүүдө.

Өткөн айда согушкерлер эки жыл мурун басып алган Мосул шаарын бошотуу боюнча операциялар башталган.

XS
SM
MD
LG