Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Чехия Германияга барууга аракеттенген ирактыктарды артка кайтарат


Европага ооп бараткан качкындар
Европага ооп бараткан качкындар

Чехиянын ички иштер министри Милан Хованецтин айтымында, расмий Прага бир топ ирактык христиандарды мекенине кайтарып жиберет. Алар Германияга өтүп кетүүгө аракет жасаганы үчүн бийлик ушундай чечим кабыл алды.

Чехиядан башпаанек алган 25 ирактык жаран 2-апрелде Германияга өтүүгө аракет жасаган кезде немис полициясы токтотуп калган. Чехиялык расмий адамдар Германиянын “мигранттарды артка чакырып алуу” талабына макулдук билдиришкен.

Министр Хованец “жасалган жакшылыкты көзгө илбеген” 25 киши Иракка жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Чехия 2015-жылдын декабрында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөп турган аймактардан качкан христиан дининдеги ирактык 153 адамга башпаанек берүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG