Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Баткен облусунун Лейлек районундагы катуу шамал Ак-Суу, Сумбула, Тогуз-Булак айылдарында жана Исфана, Сүлүктү шаарларында 380ден ашуун үй жана социалдык объектилердин чатырларын учуруп кеткени аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, келтирилген материалдык чыгымдар толук эсептелип бүттү. Эми зыянды калыбына келтирүү аракеттери башталат. Аймакта катуу шамал 30-мартта болуп, анын ылдамдыгы секундуна 25-28 метрге чейин жеткен. Бак-дарактар кулап, электр өткөргүчтөрүнө зыян келтирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG