Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Жоголгон жоокердин ата-энеси президентке кайрылат


Бааридиновдун үй-бүлөсү.
Бааридиновдун үй-бүлөсү.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы “Карамык” чек ара бекетинде кызмат өтөп жүрүп жоголгон аскер Бексултан Бааридиновдун дайыны билине элек. Анын энеси Майрам Бакирова издөө иштеринен натыйжа чыкпай жатканын айтып, жардам сурап президент Алмазбек Атамбаевге жолугууну максат кылууда. Ал президенттик аппаратка буга чейин бир нече ирет кат жолдоп, бирок эч кандай жооп болбогонун "Азаттыкка" маалымдады.

Бексултан Бааридинов былтыр 23-августта жоголгон. Чек ара кызматы анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин жарыялаган. Кийинчерээк жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка жөнөтүлгөнү аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган аскер бөлүктүн бардык жетекчилери жумуштан алынып, иш сотко өткөн. Азыр аны Ош гарнизонунун аскер соту териштирип жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG