Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Тажикстан: ири терактка жол берилген жок


Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жардыруу уюштурууну максат кылган деген шек менен Дусти районунун эки жаранын кармады. Тажик маалымат булактары укук коргоо органдарына таянып кабарлашкандай, алар райондук ички иштер бөлүмүнө кол салууга даярданган деп шектелүүдө. 30 жаштагы Шамсиддин Фатхиддинов менен 28 жаштагы Самовиддин Саймубиддинов Орусияга мигрант катары барып, ал жактан Сирияга өтүп, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко кошулган. Түркия жана Орусия аркылуу мекенине кайтып, газ баллон толтурулган автоунааны жардырууну көздөшкөн. Азыр алардын шериктери барбы-жокпу иликтенүүдө.

Тажик бийлиги Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн атуулдарынын көпчүлүгү мигрант катары чет мамлекеттерге иштегени кетип, экстремисттик уюмдардын катарына тартылып жатканын билдирип келет. Расмий Дүйшөмбүнүн маалыматы боюнча, Сирия менен Иракта миңге чукул тажик жараны согушка катышууда. 150дөн ашык адам ал жакта каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG