Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна таш кулады


Бишкек-Торугарт жолу кышында
Бишкек-Торугарт жолу кышында

Нарын районундагы Бейше-Булак участкасында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 312-чакырымында 4-апрелге оогон түнү көлөмү 700 метр кубду түзгөн таш кулады. Жолдун бир бөлүгү тосулуп, унаалар бир тараптуу өткөрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка караганда, таш түшкөн жолдун эки тарабына пост орнотулуп, тазалоо иштери уланууда. Адам өмүрүнө коркунуч келген эмес, кыйроолор жок. Бейше-Булак участкасы таш кулоо ыктымалы жогору болгон кооптуу аймактарга кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG