Орусиянын Екатеринбург шаарында мындан үч ай мурда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Айганыштын сөөгү табылды. Бул тууралуу Орусиянын Свердлов облустук тергөө комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Канат кызы Айганыш деп болжолдонгон дене 3-апрелде табылган, күч колдонуунун белгилери билинген эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Маркумдун өздүгүн так аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык эксперттердин изилдөөсү жасалат.
Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун маалымдашынча, Айганыш Оштун Мырзаке айылынан болот. Ал Орусияга туугандарынын балдарын багуу үчүн барып, 4-январда сыртка чыккан боюнча табылбай жаткан. (UEz)