Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Сурабалдиева: Максим Бакиев эки күндөн кийин жазадан кутулат


Максим Бакиевге эл аралык издөө жарыяланган.
Максим Бакиевге эл аралык издөө жарыяланган.

КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 6-апрелден тарта жазадан кутуларын айтып чыкты. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстан жалдаган Улуу Британиядагы адвокат кыргыз өкмөтү Бакиевге каршы доодон баш тартканын айткан. Кыргыз мыйзамдары боюнча экономикалык кылмыштардын мөөнөтү алты жылда эскирет.

- Мен Улуу Британия менен Кыргызстандын парламенттер аралык достук тобунун башчысы катары ошол жакка барып келдим. Максим Бакиев тууралуу сураганымда адвокаттар кыргыз өкмөтүнүн Бакиевге каршы доодон баш тартканын айтышты. Өкмөт мындай чечимин лондондук жактоочулары төлөп бергидей акчасы жок экендиги менен түшүндүрүптүр,- деди Сурабалдиева.

Өкмөттүн соттук өкүлчүлүгүнүн өкүлү Мирлан Дордоев депутаттын дооматын четке кагып, Максим Бакиевди жоопко тартуу боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар боюнча сыртынан өмүр аягына чейин соттолгон. Ал 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан бери Улуу Британияда баш калкалап келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG