Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Иракта жаңы чабуулдарда ондогон адамдар өлдү


4-апрелде өлкөнүн бир катар шаарларында жанкечтилердин бомба жардыруусунан 25 киши мүрт кетип, 60тан көбү жарадар болду. Басра шаарында жанкечтинин бомба жардыруусунан беш кишинин омүрү кыйылып, он киши жарадар болду.

Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук тобу алды. Дагы бир чабуул шииттер көп жашаган Машадех шаарында болуп, ал жерде милицияга ыктыярчылар жазылган жерде бомба жардырылган. Багдаддын түндүгүндө жанкечтинин чабуулунан беш киши жан таслим болгон. Анбар, Насирия жана Багдадда ошондой эле чабуулдар орун алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG