Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Бишкек-Торугарт унаа жолу толук тазалана элек


Бишкек-Торугарт унаа жолу.
Бишкек-Торугарт унаа жолу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдиргендей, Нарын районунун Бейше-Булак аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт каттамынын 312-чакырымында азыр унаалар жолдун бир тарабы менен гана өтүүдө. Аны толук ачуу үчүн чоң таштарды майдалоочу техниканы алып келүү аракеттери көрүлүп жатат.

4-апрелге оогон түнү жолго көлөмү 700 метр куб таш кулаган. Каттамдын бир бөлүгү тосулуп, автоунаалар бир тарабы менен гана өтүп калган. Ушул аптанын ичинде окуя болгон жерде жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бейше-Булак участкасы таш кулоо коркунучу сакталып келаткан кооптуу аймактардын бири. (NT)

XS
SM
MD
LG