Душанбе шаардык соту 4-апрелде коргоо министринин мурдагы орунбасары, генерал Абдухалим Назарзоданын аталаш иниси Алишер Назаровду үч жарым жылга эркиндиктен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн күч органдары “Азаттык” радиосунун тажик кызматына кабарлады.
2015-жылдын сентябрындагы козголоңдон кийин Тажикстандан чыгып кеткен Назаров төрт ай мурун Орусияда кармалган.
Сентябрь козголоңунун уюштуруучусу саналган Абдухалим Назарзоданын аталаш иниси, 28 жаштагы Алишер Назаров агасы пландаган коога тууралуу тийиштүү мекемелерге кабар бербеген деп айтыпталды.
2015-жылдын 4-сентбярында Душанбе жана Вахдат шаарларындагы эки кол салууда өкмөт күчтөрүнүн тогуз кызматкери мерт болгон. Чабуулду мурда коргоо министринин орунбасары болуп иштеген Абдухалим Назарзода уюштурганы айтылган. Назарзода атайын операциянын жүрүшүндө ошол жылы 16-сентябрда өлтүрүлгөн.