Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Ысык-Көл: 8 окуучу жол кырсыгына кабылды


Кечээ, 4-апрелде 8 окуучуну ташып бараткан автоунаа жолдон чыгып, кырсыкка кабылган. Түп райондук милициясынын маалыматына ылайык, Түп - Каракол унаа жолунда бара жаткан “Тойота Эстима” унаасы Маяк айылы тараптан саат 14:40 чамасында башкаруусун жоготкон.

Унаанын ичинде 8 окуучу, алардын машыктыруучусу жана айдоочу болгон. Маяк айылында жашаган окуучулар Түптө өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып, айылына кайтып келаткан. Алардын бири 14 жаштагы Алтынай Окенова оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, окуучунун баш мээси жаракат алган. Океновадан башка 3 окуучу ооруканага жаткырылды, калгандары жабыркаган эмес. (AsM)

XS
SM
MD
LG