Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Ооганстанда жанкечтинин чабуулу жети өмүрдү жалмады


Ооганстандын Парван провинциясында бүгүн жанкечти чабуулунан жети киши мерт болуп, 20дан ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу аймактын губернатору Шах Вали Шахид билдирди.

Маалыматтарга караганда, жанкечти мотоцикл айдап келатып өзүн жардырган. Ал күч кызматкерлерин мелжегени айтылууда. Набыт болгондор арасында жайкын тургундар менен балдар бар.

Ооганстанда ушул өндүү жардырууларды талиптер уюштуруп келет. Бирок бул кол салууга азырынча эч кайсыл топ жоопкерчилик алган жок.

Салыштырмалуу бейпил саналган Парван провинциясында АКШнын авиабазасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG