Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Тажикстанда алты имам экстремизмге шектелип кармалды


Тажикстандагы мечиттерде имамдык кылган алты молдо тыюу салынган экстремисттик топторго тиешеси бар деп камакка алынды. Бирок алар кайсыл топторго мүчө экени ачык айтылган жок. Согди облустук прокуратурасы 5-апрелде тараткан кабарга ылайык, молдолор өткөн айда кармалган. Эгер аларга коюлуп жаткан айыптоолор аныкталса, беш жылга чейин эркиндиктен ажыратылышат.

2015-жылдын январь айынан бери Тажикстанда диний экстремисттик уюмдарга мүчө деген шек менен ондогон кишилер камалды.

Расмий маалыматтарга караганда ушул тапта Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобунун катарында миңге чамалуу тажик жараны бар.

XS
SM
MD
LG