Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Нарында “Дени сак шаар” акциясы өтүп жатат


Акция Нарын шаарынын борбордук аянтында он чакты медицина кызматкеринин катышуусунда өтүп жатат. Уюштуруучу Бек Шадымановдун айтымында, акция учурунда шаар тургундары кан басымын, жүрөгүнүн кагышын жана организмдеги канттын көрсөткүчүн акысыз келип текшерте алышат. Мындай акция Нарында биринчи ирет Жумабек Шадыманов атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулуп жатат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 30 пайыздан ашуун калктын кан басымы жогору. Кыргызстан 30 жылдан ашуун убактан бери туруктуу майыптыкка алып келүүчү инсульт илдети боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG