Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Орусияда журналисттин өлүмүнө шектүү киши кармалды


Санкт-Петербургда полиция журналист Дмитрий Циликинди өлтүрүүгө шектелген кишини кармады. Аймактык тергөө башкармалыгы шектүү Сергей Косырев кылмышты мойнуна алып көрсөтмө бергенин билдирди. Тергөө версиясы боюнча, шаардагы окуу жайлардын биринде окуган студент Косырев 27-мартта интернет аркылуу таанышкан Циликиндин үйүндө конокто болгон учурда экөөнүн ортосунда чыр чыгып, ал Циликинге бир канча жолу бычак урган. Андан соң анын капчыгы менен ноутбугун көтөргөн бойдон из жашырып кеткен.

Журналисттин сөөгү бул окуядан бир канча күндөн кийин, 31-мартта өз үйүнөн табылган. Ал байланышка чыкпай жатканы тууралуу туугандары полицияга кайрылган эле.

54 жаштагы Дмитрий Циликин белгилүү музыка жана балет сынчысы катары да таанымал болчу. 1992-2004-жылдары “Час Пик” гезитинде кабарчылыктан маданият бөлүмүнүн редакторлугуна чейин жеткен. “Петербург театралдык журналы”, Vogue, Elle, “Город” журналдарына, “Коммерсант”, “Московские новости”, “Время новостей”, “Ведомости” гезиттери менен кызматташчу. “Алтын калем -2001” конкурсунда калыстардын атайын сыйлыгын уткан.

XS
SM
MD
LG