Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Орусия Тоолуу Карабак боюнча ортомчулугун улантууга дилгир


Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев армян премьери Овик Абраамян менен. Ереван, 7-апрель, 2016
Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев армян премьери Овик Абраамян менен. Ереван, 7-апрель, 2016

Орусия премьер-министри Азербайжан менен Армения ортосундагы чатак Тоолуу Карабак жаңжалынан улам "жаңы баскычка" өтүп кетишинин алдын алуу абдан маанилүү экенин айтты. 7-апрелде ал Армениядагы сапары учурунда Орусия бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча ортомчулугун улантууга дилгирлигин билдирип, тараптар ортосунда ок атышууну токтотуу келишими сакталарына үмүт артты.

Тоолуу Карабакта 2-апрелде тутанып, төрт күнгө созулган уруш ондогон өмүрдү алып кетти. Өзүн өзү жарыялап алган Тоолуу Карабак бийлиги төрт күнгө созулган бул урушта 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгонун, Азербайжан 31 жоокеринен айрылганын билдирген. Тараптар 5-апрелде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Бирок 7-апрелде эки тарап тең бул келишимди бузганы үчүн бири-бирин айыптап чыгышты.

Бейшембиде Бакуга барган орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да Москванын чатакты жөнгөрүү боюнча ортомчулуктагы өзгөчө ролун белгиледи.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган 90-жылдагы чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG