Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Ымыркайын 20 миң сомго саткан түгөйлөр кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, марттын этегинде Чүй облусунун Панфилов районунун төрөт үйүндө 40 жаштагы аял көз жарган. Ооруканадан чыккандан кийин ал ымыркайын Чүй облусунун тургунуна 20 миң сомго сатып жибергени аныкталды.

Бала сатуу чечимин чогуу жашаган түгөйү, Ош облусунун 32 жаштагы тургуну менен бирге кабыл алганын моюнга алган. Алардын туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, качып кетпесин деген негизде Панфилов райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалганын ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" билдирди. Азыр кылмыш жана жаза кодексинин “Адам сатуу” беренесине ылайык иш ачылып, иликтөө уланып жатат. Наристе төрөт үйүндө. Кыргызстанда бала сатуу кылмыштары жана аларды таштап кеткен учурлар акыркы кезде көп катталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG